Галина Тольская 12 жашында ачарчылыкты, суукту, бомбалоону жана жакындарынан айрылууну башынан өткөргөн. Ал Кыргызстандагы Ленинград блокадачылар коомунун ишине активдүү катышып, мектеп окуучулары жана студенттер менен жолугушуп, согуш жылдарындагы эскерүүлөрү менен бөлүшүп келген.

Галина Ивановна согуштун коркунучтарын өз көзү менен көрүп, анын элесин жаш муунга жеткирүүгө өмүрүн арнады.
Анын дүйнөдөн кайтышы Кыргызстандагы блокадачылар коомчулугу үчүн оор жоготуу болду. Галина Тольскаянын эмгеги жана эрдиги эл эсинде түбөлүккө сакталат.




















