«Азаттыктын» маалыматына таянып 24.kg билдиргендей, 9-октябрда сот Аскер прокуратурасынын тергөө башкармалыгынын өзгөчө маанилүү иштер боюнча тергөөчүсүнүн өтүнүчүн карап чыкты. Чечимге ылайык, айыпталуучулар борбор калаадагы № 1 тергөө абагында камакта калтырылды.
Соттун токтому менен УКМКнын Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын мурдагы башчысы, «Эду» деген каймана ат менен таанымал Эльдар Жакыпбеков, УКМКнын Чүй облусу боюнча башкармалыгынын тергөө бөлүмүнүн мурдагы жетекчиси Бердибек Боронбаев, мекеменин өзгөчө маанилүү иштер боюнча 6-башкы башкармалыгынын мурдагы жетекчиси Тилек Абдыкалыков жана Шералы Сыдыков атындагы Республикалык спорттук колледждин экс-директору Айбек Ташматов 15-ноябрга чейин камакта калышты.
Ал эми УКМКнын мурдагы кызматкери, «Пито» каймана аты бар Сыдык Дүйшөмбиевдин камактагы мөөнөтүн сот 9-декабрга чейин узартты. Иштеги бардык фигуранттарга Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин «Коррупция» беренеси боюнча айып коюлган.
Эльдар Жакыпбеков 10-февралда Камчыбек Ташиев УКМКнын төрагасы кызматынан бошотулгандан көп өтпөй кармалган, андан кийин атайын кызматтын башка мурдагы кызматкерлери да колго түшүрүлгөн.
Июнь айында УКМК төрагасынын орун басары Алишер Эрбаев билдиргендей, мыйзамсыз аракеттерге тиешеси бар деген шек менен улуттук коопсуздук органдарынан 96 кызматкер бошотулуп, 24 кызматкерге карата кылмыш иши козголгон.
96кызматтан бошотулгандар
24кылмыш иши козголгондор