UWW сайтындагы маалыматка ылайык, Кыргызстандын атынан чыккан Мээрим Жуманазарова дүйнөлүк рейтингдин башында турат. Жаңыланган тизме 24-октябрдан 2-ноябрга чейин Казакстандын Астана шаарында өткөн дүйнө чемпионатынын жыйынтыгы боюнча түзүлдү.
Мелдеште Жуманазарова 68 килограммга чейинки салмакта күч сынашып, күмүш байге ээледи. Бул жыйынтык ага 64 миң 800 упай алып келип, рейтингде алдыңкы орунга чыгууга шарт түздү.
Башка кыргыз балбандарынын абалы
Кыргыз балбандарынын рейтингдеги көрсөткүчтөрү
Эрназар Акматалиев дүйнөлүк рейтингде экинчи орунду сактап калды. Анын эсебинде 54 миң 500 упай бар.
Акжол Махмудов Астанадагы дүйнө чемпионатында коло медаль утуп, 36 миң 800 упай топтоду. Ал тизмеде 42 тепкичке жогорулап, алтынчы саптан орун алды.


















