Мамлекеттик жана саясий ишмер, Кыргыз Республикасынын Баатыры Медеткан Шеримкулов бүгүн, 17-ноябрда, 87 жашка толду. Ал Кыргызстандын тарыхында XII чакырылыштагы Жогорку Кеңештин — «легендарлуу парламенттин» төрагасы катары белгилүү.
Анын жетекчилиги астында өлкөнүн тарыхындагы маанилүү кадамдар жасалган. Тактап айтканда, 1990-жылы Мамлекеттик эгемендүүлүк жөнүндө декларация, 1991-жылы Кыргызстандын көз карандысыздыгы жөнүндө декларация жана 1993-жылы өлкөнүн биринчи Конституциясы кабыл алынган.
- 1990-жыл
Жогорку Кеңештин төрагасы болуп шайланды
- 1990-1993-жылдар
Эгемендүүлүк жана биринчи Конституция жөнүндө документтер кабыл алынды
- 1998-2002-жылдар
Түркиядагы Кыргызстандын Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси
- 2007-2012-жылдар
Ирандагы Кыргызстандын Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси
Шеримкулов эл аралык деңгээлде да активдүү иш алып барган. Ал КМШнын Парламенттер аралык ассамблеясынын түзүлүшүнө катышып, Тоолуу Карабактагы согушту токтотуу үчүн Бишкек протоколуна кол коюлушуна салым кошкон.
Илимий ишмердиги боюнча ал философия илимдеринин кандидаты жана саясий илимдердин доктору. Бүгүнкү күндө Медеткан Шеримкулов Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин саясат таануу кафедрасынын профессору болуп эмгектенет.











