Бишкек шаарынын мэриясынын «Санааттык технологиялар борбору» муниципалдык ишканасы Beeline мобилдик оператору менен биргеликте «Менин шаарым» жана «Өндүрүштүк иштерди эсепке алуу» тиркемелери үчүн интернет-трафикти нөлгө түшүрдү. Бул шаардык кызматтар менен өз ара аракеттенүүнү жаңы деңгээлге чыгарат.
Мэриянын маалыматы боюнча, эми «Менин шаарым» тиркемесин колдонуу абоненттин интернет-пакетин сарптобойт. Ошондой эле, бул мүмкүнчүлүк муниципалдык ишканалардын жана шаардык кызматтардын кызматкерлери күн сайын колдонуп жаткан «Өндүрүштүк иштерди эсепке алуу» маалыматтык системасына да тиешелүү.
Аталган система аткарылган иштерди эсепке алууга, тапшырмаларды көзөмөлдөөгө жана шаардык бөлүмдөрдүн ишмердүүлүгүн координациялоого мүмкүндүк берет.
«Менин шаарым» тиркемеси менен эмнелерди кылса болот?
- Шаардык кызматтарга кайрылууларды жөнөтүү
- Коммуналдык кызматтар үчүн төлөмдөрдү жүргүзүү
- Коомдук транспорттун кыймылын көзөмөлдөө
- Электрондук билеттерди сатып алуу









