Россияда мигранттарды көзөмөлдөө жана жоопкерчилигин күчөтүү максатында жаңы чаралар каралууда. Мунун алкагында, өлкөгө иштөөгө келген же узак мөөнөткө турган бардык мигранттар телефон сатып алууга милдеттендирилет.
Ички иштер министрлигинин орун басары Игорь Зубов билдиргендей, бул телефонго ар бир мигранттын электрондук профили орнотулуп, алардын жайгашкан жери дайыма көзөмөлдө болот.
Бул чара мигранттардын шаардан шаарга эркин жана көзөмөлсүз көчүп кетүүсүн алдын алат. Ошондой эле, телефон аркылуу мигранттарга документтерин узартуу же мамлекеттик мекемелерге баруу керектиги тууралуу эскертүүлөр да жөнөтүлөт.
2025-жылдын сентябрынан тартып Москва шаарында «Амина» аттуу атайын колдонмону мигранттар милдеттүү түрдө орнотуп, геолокация маалыматтарын берүүсү керек. Эгер үч күн бою геолокация маалыматтары алынбаса, мигрант каттоодон алынып салынат.




















