Кыргызстандын 17 жашка чейинки футболчулары Сербиядагы окуу-машыгуу жыйындарынын алкагында биринчи жолдоштук беттешин Черногориянын курама командасы менен өткөрдү.
Кыргыз футбол союзунун билдирүүсүнө ылайык, бул оюн жабык эшик артында, онлайн трансляциясыз өттү.
Биринчи таймдын аягына жакын Алихан Арынов так сокку уруп, эсепти ачып, Кыргызстандын курама командасы алдыга чыккан — 1:0.
Бирок атаандаштар кошумча убакытта гол киргизип, оюн 1:1 эсебинде тең чыгуу менен аяктады.
Кыргызстандын курама командасы кийинки беттештерин 28-июлда БАЭ командасы менен, ал эми 1-августта Сербияга каршы өткөрөт.


