Кырк-Казык айылында мектеп курулган, бирок балалардын саны аз болгондуктан ал жабылып калган. Натыйжада, 30ден ашык окуучу Чон-Арык айылындагы мектепке күн сайын 8 километр аралыкты жөө басып өтүүгө мажбур болууда.

Окуу эртең менен саат 8де башталат, биринчи класстар үчүн 8 километрдик жол өтүү абдан оор. Өткөн жылы мамлекет жардам берген, ал эми бул жылы жардам жок. Айылыбыздагы мектепти жаппаңыздар, көмүрди өз эменим менен сатып алам деп айттым. Бирок мамлекеттин өз саясаты бар — мектепти баары бир жаап коюшту. Азыр тургундар микроавтобус сатып алуу үчүн 100 миң сом чогултушту, сиздерден болсо 200 миң сом суранабыз. Жумушчу күчүнө жана күйүүчү майга кетүүчү чыгымдарды тургундар өзү көтөрөт.
Кетмен-Дөбө Молдояр Султанкулов, Кырк-Казык айылынын тургуну

Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев онлайн жолугушуунун жүрүшүндө тургундардын өтүнүчүнө жооп берди. Ал мектеп окуучулары үчүн транспорт сатып алууга өзүнүн фондунан 200 миң сом бөлүп берүүнү чечти.

200 000 сом бөлүп берүүнүн суммасы

Президенттин өкүлү окуучуларга микроавтобус алууга каражат бөлдү

Жаңы транспорт күнүнө 3 жолу катталып турат деп күтүлүүдө. Окуучулар үчүн ай сайын төлөм болжол менен 1000 сомду түзөт. Ал эми күйүүчү май жана айдоочунун эмгек акысы үчүн чыгымдарды айыл тургундары өз алдынча төлөшөт.