Бишкекте болгон жол кырсыгында кичинекей кыз бала оор жаракаттарды алды. Ал жолдон жөө өтүүчү жайдан өтпөй, машинелердин ортосуна чыгып кеткен.
Балага биринчи Hyundai Sonata урукса, анын соккусунан кийин ага жакындаган Toyota Prius унаасынын алдында калды.
Натыйжада жаш баланын мээге катуу зыян келтирилди жана белине сынык келген.
УПСМ кызматкерлери окуядан кийин ата-энелерге балдарын көзөмөлдөп, жол жүрүү эрежелерин эске салууну сунуш кылышты.









