Бишкектин Нарвская көчөсүндө жашаган жарандар тротуарды оңдоо иштеринин аягына чыгарылбагандыгына даттанууда. Тургундардын айтымында, оңдоо иштери Бородина көчөсү менен кесилишке чейин бүткүзүлгөн эмес. Ал жерде топурак топтолуп, андан ары бордюр жана арык гана бар.

Бул жагдай жөө жүрүүчүлөрдүн коопсуздугуна коркунуч келтирүүдө. Жолдон өтүү үчүн жарандар арыктан секирип, түз эле автоунаалардын жүрүүчү жолуна чыгууга мажбур болушууда.

Биз тротуар менен коопсуз жүрө турган күндү абдан көп күткөнбүз. Натыйжада аллея бар, бирок ал жер менен жүрүү мүмкүн эмес. Жолдон өтүү үчүн автоунаалардын жүрүүчү жолуна чыгуу керек, ошондой эле арыктан секирип өтүүгө туура келет.
Нарвская көчөсүндөгү тургундар

Тургундардын маалыматы боюнча, жолдун четиндеги бир нече метр асмальтталган эмес. Каракумская көчөсү менен кесилишкен жерде да ушундай эле көйгөй байкалууда. Шаардыктар бул иштердин эмне үчүн бүтпөй калганын жана объектти ким кабыл алганын суроо менен билгиси келет.

Акыркы бир жыл бою тротуарды бүтүрүшөт деп күткөн жарандардин үмүтү акталган жок. Профсоюзная көчөсүндөгү тыгындардан улам айдоочулар Нарвская көчөсүнөн өтүп кетишүүдө, бул болсо жолдо кыймылдын тыгыздыгын арттырып, жөө жүрүүчүлөр үчүн кооптуу кырдаал жаратууда.