Президент Садыр Жапаров Кара-Балта шаарынын, Жайыл жана Панфилов райондорунун тургундары менен жолугушуу учурунда каржы пирамидалары боюнча маанилүү эскертүү жасады. Бул маселе жабырлануучу Айгуль Назарованын кайрылуусу менен байланыштуу көтөрүлдү.
Айгуль Назарова өзүнүн айтымында, 2018-жылы «Барс Кей Джи Инвест» компаниясынын каржы пирамидасынын курмандыгы болгон. Компаниянын Кыргызстандагы координаторлору чет өлкөдөн инвестиция тартабыз деп убада берип, андан 150 миң сом алып кетишкен.
Жабырлануучу 2023-жылдан бери укук коргоо органдарына кайрылып келе жатканын, ошондой эле Башкы прокуратурага жеке жана башка жабырлануучулар менен бирге кайрылганын, бирок азырынча жыйынтык чыкпаганын билдирди.
Каржы пирамидасы боюнча маалымат
Президент Ички иштер министрлигинин биринчи орун басары Адылбек Бийбосуновдон өлкөдө учурда каржы пирамидалары иштеп жатканын сурады. Бийбосуновдун билдирүүсүнө караганда, мындай схемалар негизинен токтотулган.















