Москва шаарында өткөн II Ачык Евразиялык «Бриллиант көпөлөк» кино сыйлыгында кыргызстандык режиссёр Каныбек Калматов «Мыкты режиссёр» деген номинация менен сыйланды. Бул жеңиш Чыңгыз Айтматовдун тагдырын баяндаган «Айтматов» тасмасы үчүн берилди.
Эркин-Тоо» булагынын маалыматы боюнча, бул ийгилик кыргыз маданияты жана улуттук кинематографиясы үчүн чоң мааниге ээ. Чыгарма эл аралык деңгээлде жогору бааланып, Калматовго сыйлык менен бирге 250 миң АКШ долларына бааланган бриллиант тапшырылды.
Каныбек Калматов режиссёр, кинооператор жана кинопродюсер катары таанылган. Ал Бүткүл россиялык мамлекеттик кинематография институтунун (ВГИК) оператордук факультетин аяктаган. Буга чейин ал «Бейиш – эненин таманы алдында» тасмасында башкы оператор катары иштеген.
«Айтматов» тасмасы Калматовдун режиссёр катары алгачкы толук метраждуу көркөм эмгеги болуп саналат. Бул долбоордун идеясы 2024-жылы пайда болгон. Режиссёр жазуучунун өмүр жолун терең изилдеп, анын тагдырын кино тили менен көрсөтүүнү максат кылган.










