Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Абдикерим Алимбаев Лейлек районунун Ак-Суу айылына жумушчу сапары менен барды. Анын максаты чек ара аймактарындагы тосмолорду куруу иштеринин жүрүшү менен таанышуу болду.

Сапардын жүрүшүндө аскер кызматкерлери Абдикерим Алимбаевге тосмолорду сапаттуу куруунун ыкмаларын көрсөтүштү. Алар мамыларды канчалык терең орнотуу керектигин жана аларды эмне үчүн капкак менен жабуу зарылдыгын түшүндүрүп беришти.

Бул 80-түтүктү орнотуп жатканда, аралашманын астындагы арматурабыз көрүнбөшү керек. Үстүнөн капкак менен жабабыз, жамгыр жааганда ичине суу кирип топтолбошу үчүн, түтүк чирип же сынбашы үчүн. Андан кийин цемент куябыз.
Бир офицер түшүндүрдү

Жыйынтыгында, генерал-майор аскер кызматкерлерине аткарган кызматтары үчүн ыраазычылык билдирип, аларды Кыргызстан эли толугу менен колдоорун баса белгиледи.