Кырдаалды иликтөө

Ыкчам штабдын ишин Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары, полковник Алмазбек Асанов жетектеди. Топтун курамына ӨКМдин Чүй облусу боюнча башкармалыгынын башчысы, Өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу жана мониторинг департаментинин адистери, Токой кызматынын өкүлдөрү, Чүй районунун акими жана Президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн жетекчилиги кирди. Адистер жеринде көлдүн учурдагы абалын баалашты.

Кабыл алынган чечимдер

Текшерүүнүн жыйынтыгында жергиликтүү бийлик органдары менен биргеликте кырдаалды туруктуу көзөмөлдөөнү улантуу жана зарыл болгон алдын алуу чараларын көрүү чечими кабыл алынды. Алмазбек Асанов көлдөгү суунун деңгээли жогорулап, жээктен ашып кетүү коркунучун алдын алуу үчүн жергиликтүү бийлик органдарына атайын түтүктөрдү сатып алууга каражат караштырууну тапшырды. ӨКМ өз кезегинде бул түтүктөрдү орнотуу иштерин жүргүзөт. Министрдин орун басары бул маселени тездетип чечүүнү буйруду.

ӨКМ ошондой эле көлдөгү кырдаал көзөмөлдө экенин белгиледи. 2026-жылдын башынан бери ведомствонун адистери көлдү буга чейин үч жолу текшерип, алдын алуу иштерин жүргүзүшкөн.