Президент Садыр Жапаров Кыргыз менен Казакстандын мамлекеттик чек арасынын тиешелүү участокторуна инженердик тосмолорду орнотуу иштерин 2027-жылга каралган планга киргизүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну тапшырды. Бул тууралуу ал Токмок шаарынын, Чүй жана Кемин райондорунун тургундары менен болгон жолугушууда айтты.

Кемин районунун Кичи-Кемин айылдык кеңешинин төрагасы мамлекеттик чек аранын кыргыз-казак участогунда инженердик тосмолордун жоктугу маселесин көтөрдү. Тиешелүү кызматтын өкүлү Казакстан тараптан тосмолор орнотулганын, ал эми Кыргыз тарап бул иштерди азырынча бүтүрө электигин билдирди. Айрым бөлүктөрдө тосмолор бар экени белгиленди.

Тосмолордун жоктугунан улам жергиликтүү тургундардын малдары кээде коңшу мамлекеттин аймагына өтүп кетиши мүмкүн экени айтылды. Мындай учурларда жаныбарлар эки өлкөнүн чек ара кызматтарынын өз ара аракеттенүү эрежелерине ылайык Кыргызстанга кайтарылып алынат.

Тиешелүү кызматтын өкүлү инженердик тосмолорду орнотуу кыргыз-казак жана кыргыз-өзбек чек ара участокторунун пландарында каралганын кошумчалады. Садыр Жапаров кыргыз-тажик чек арасындагы иштердин аяктаганын тактап, кыргыз-өзбек чек арасындагы иштердин кийинки жылы бүтүшү күтүлөрүн белгиледи.