Белгилүү орусиялык композитор Максим Фадеев «Ты Супер! Кыргызстан» долбоорунун жеңүүчүсү Семетей Акынбековго чоң белек жасады. Ал таланттуу ырчынын «Танцы на стеклах» аттуу ырын кесипкөй деңгээлде жаздырууга жана аны музыкалык платформаларга жайгаштырууга көмөктөштү.

Ырдын премьерасы 6-ноябрга пландаштырылган. Бул күнү композиция бардык негизги санарип аянтчаларда жеткиликтүү болот.

Срочно, делайте Pre-save!
Nomad News каналынын билдирүүсүнөн

Семетей Акынбеков «Ты Супер! Кыргызстан» долбоорунда өзгөчө таланты менен көрүүчүлөрдүн жана калыстардын сүймөнчүлүгүнө ээ болгон. Анын жеңишинен кийин Максим Фадеев мындай колдоо көрсөтүүнү чечкен.

Pre-save функциясы аркылуу күйөрмандар ырды алдын ала сактап коюп, премьера күнү аны биринчилерден болуп уга алышат. Бул ырчынын келечектеги чыгармачылыгына да дем-күч берери шексиз.