Кыргызстанда концерт, фестиваль жана башка музыкалык иш-чараларды уюштуруучулар музыкалык чыгармаларды колдонууда автордук укуктарды сактоого милдеттүү. Бул тууралуу Илим, жогорку билим жана инновациялар министрлиги билдирди.

Бекер кирүү, кайрымдуулук мүнөзү же тикелей аткаруу өзү эле автордук укуктарды сактоодон бошотпойт.
Илим, жогорку билим жана инновациялар министрлиги

Ведомствонун маалыматы боюнча, музыкалык чыгармаларды эл алдында аткарууда авторлордун жана башка укук ээлеринин укуктарын сактоо зарыл. Бул ырларды артисттердин сахнада аткаруусуна да, концерттик программанын алкагында музыканы колдонууга да тиешелүү.

Лицензиялык келишим түзүү милдеттүү

Иш-чара уюштуруучулар музыкалык чыгармаларды колдонуу маселелерин алдын ала чечип, Министрлик менен тийиштүү лицензиялык келишимди сөзсүз түрдө түзүшү керек. Ошондой эле автордук сый акы төлөө зарыл. Төлөмдөрдүн тартиби жана өлчөмү мыйзам ченемдери, лицензиялоо шарттары жана белгиленген тарифтер менен аныкталат.

Мындан тышкары, уюштуруучулар концертте аткарылган музыкалык чыгармалардын так тизмесин даярдап, тапшыруусу маанилүү. Бул маалымат музыканы колдонууну эсепке алуу жана автордук сый акыны туура бөлүштүрүү үчүн зарыл.

Бекер кирүү да жоопкерчиликтен бошотпойт

Министрлик баса белгилегендей, бекер кирүү, иш-чаранын кайрымдуулук мүнөзү же ырдын тикелей аткарылышы өзү эле автордук укуктарды сактоодон бошотпойт. Уруксат алуу жана сый акы төлөө зарылдыгы мыйзамдар жана чыгармаларды пайдалануу шарттары менен аныкталат.

Ошондой эле уюштуруучуларга лицензиялык келишимди жана төлөмдөрдү тастыктаган документтерди сактоо сунушталат.