Баткен облусунун Лейлек районунда «Жашыл чек ара» долбоорунун алкагында отургандардын дээрлик 95 пайызы куруп кеткен. Бул боюнча Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы маалымат берди.

Ош экология прокуратурасынын текшерүүсү көрсөткөндөй, долбоорду ишке ашырууга 100 миллион 887 миң 900 сом каралган болсо да, иштер толук көлөмдө аткарылган эмес. Өзгөчө, көчөттөрдүн өсүшү жана сугарылышы үчүн зарыл болгон шарттар түзүлбөгөн. Натыйжада, отургандардын көпчүлүгү куруп кеткен.

100 887 900 сом долбоорго бөлүнүп берилген каражат

Көчөттөрдүн өсүшүн камсыз кылууга каралган сумма

Учурда аталган факты боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (кызматтык абалды кыянат колдонуу) боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүп жатат.