Кыргызстандын мектептеринде иштеген россиялык мугалимдердин саны бир нече жылдын ичинде бир топ өскөн. Nomad булагынын маалыматы боюнча, азыркы учурда мектептерде 203 россиялык педагог эмгектенүүдө.
Бул өзгөрүү «Орус гуманитардык миссиясы» фондунун «Чет өлкөдөгү россиялык мугалим» долбоорунун алкагында ишке ашырылууда. Долбоордун башталган учурунда, тактап айтканда жети жыл мурун, республикага биринчи 29 россиялык мугалим келген болсо, азыркы учурда алардын саны бир нече эсеге көбөйүп кетти.






