Лейлек районунда сел жүрүү коркунучу бар аймактарда дамбаларды куруу пландалууда. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров бүгүн, 11-октябрда, Сүлүктү шаарынын жана Лейлек районунун тургундары менен болгон жолугушууда билдирди.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги долбоордук-сметалык документация даярдалгандан кийин иштерди баштайт. Бул чара селден жапа чеккен аймактарды коргоого багытталган.
Мындан тышкары, президент айыл чарба жерлерин сугат суу менен камсыздоону жакшыртуу үчүн ички каналдарды тазалоо жана скважиналарды куруу пландалып жатканын кошумчалады.
Ошондой эле, калктын саны өсүп жаткандыгына байланыштуу, айылдарда жаш үй-бүлөлөргө турак жай куруу үчүн жер участоктору бөлүнүп берилүүдө.
Эске салсак, бүгүн, 11-октябрда, президент Садыр Жапаров Баткен жана Ош облустарына жумушчу сапары менен барып жатат.
















