19-ноябрда Туркменбаши шаарындагы «Аваза» улуттук туристтик зонасында кыргыз парламенттик делегациясынын иш сапарынын алкагында жолугушуу болуп өттү. Жогорку Кеңештин Төрагасы Марлен Маматалиев Түркменстандын Меджлисинин төрагасы Дуньягозель Гулманова менен эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүү боюнча маанилүү маселелерди талкуулады.

Талкуунун жүрүшүндө тараптар парламенттер аралык байланыштарды чыңдоо, ошондой эле соода-экономикалык, энергетикалык, транспорттук жана маданий-гуманитардык тармактардагы кызматташтыктын келечегин карашты.

Энергетика жана транспорттук коридорлор

Энергетика тармагына өзгөчө көңүл бурулуп, Түркменстандан Кыргызстанга электр энергиясын жеткирүүнү улантуу маанилүү экени белгиленди. Мындан тышкары, табигый газ жана мунай продукцияларын жеткирүү чөйрөсүндөгү кызматташтыкты кеңейтүү мүмкүнчүлүктөрүн карап чыгуу сунушталды.

Марлен Маматалиев Түркменстандан Кытайга багытталган, Кыргызстандын аймагы аркылуу өтүүчү ири газ түтүгүн куруу долбоорун ишке ашырууну тездетүү зарыл экенин баса белгиледи.

Транспорттук логистика тармагында Кыргызстан — Өзбекстан — Түркменстан — Россия маршруту боюнча эл аралык жүк ташууларды өнүктүрүү жана андан ары батыш багыттарына чыгуу сунушталды. Ошондой эле Кыргызстан аркылуу Кытайга жана Түштүк-Чыгыш Азия өлкөлөрүнө жүк ташууну кеңейтүү маселеси талкууланды.

Парламенттик кызматташтык

Эки өлкөнүн спикерлери достук депутаттык топтордун ишин активдештирүүнү, парламенттик делегациялардын өз ара визиттерин өткөрүүнү жана мыйзам чыгаруу тажрыйбасы менен алмашууну сунушташты. Дуньягозель Гулманова парламенттер аралык өз ара аракеттенүүнү чыңдоого кызыкдар экенин билдирип, Марлен Маматалиевди 2028-жылы өтө турган «Аял лидерлер» саммитине катышууга чакырды.