Кытайдын Монголиядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Шэнь Миньцзюань айымдын миссиясы аяктап, ал өз мекенине кайтып келүүдө. Улаанбаатардагы Кытайдын биринчи аял элчиси болуп кызмат кылган Шэнь Миньцзюань артында маанилүү мурас калтырып жатканы белгиленет.

Үч жылдык мөөнөт ичинде ал көптөн бери чечилбей келген көйгөйлөрдү жөнгө салып, эки өлкөнүн стратегиялык, экономикалык жана социалдык өнөктөштүгүн принципиалдуу жаңы деңгээлге көтөрүүгө салым кошту.

АКIpress агенттигинин маалыматына ылайык, Шэнь Миньцзюань ондогон жылдар бою кийинкиге калтырылып келген иштерди аткарууга жетишкен. Анын ичинде Гашуунсухайт – Ганцмод чек ара темир жолунун курулушун баштоо жана Эрдэнэбүрэн ГЭСин ишке киргизүү сыяктуу мегадолбоорлор бар.

Ошондой эле, ал эки тараптуу соода жүгүртүүнү рекорддук 20 миллиард доллар максатына жеткирүүгө көмөктөшкөн.

Тажрыйбалуу экономист, англис тилинде мыкты сүйлөгөн дипломат катары Шэнь Миньцзюань өзүнүн прагматикалык мамилеси жана адамдарга ачыктыгы менен эсте калды. Ал Монголиянын бардык 21 аймагын жеке өзү кыдырган жападан жалгыз кытай элчиси болгон.

Анын кесипкөйлүгүнүн аркасында COVID-19 пандемиясынан кийин экономиканы тез арада жандандырууга жана токтоп калган ири долбоорлорду ишке киргизүүгө мүмкүн болду.