Кытайдын Мамлекеттик токой жана талаа чарба башкармалыгынын орун басары Ли Юнчиндин айтымында, учурда өлкөдө жасалма шартта багылган гигант пандалардын жалпы саны 830 особду түзөт. Бул маалыматты ал Чэнду шаарында өткөн конференцияда жарыялады.

Акыркы беш жыл ичинде, тактап айтканда, гигант пандалардын Улуттук паркы түзүлгөндөн бери, экологиялык коридорлордун аркасы менен 13 локалдык популяция бириктирилди. Бул аймактарда жаныбарлардын 150дөн ашык жылышы катталды.

Кошумчалай кетсек, Ли Юнчин акыркы 30 жыл ичинде Кытай 20 өлкөдөгү 26 уюм менен эл аралык илимий кызматташтык түзгөнүн белгиледи. Чет элдик программалардын алкагында ушул мезгил аралыгында 69 панда 73 балапан алып келген.

Биз гигант пандалардын Улуттук паркынын аймактык өнүгүү планын иштеп чыгууну, антропогендик көзөмөлдү күчөтүүнү жана оорулардын мониторинги программаларын кеңейтүүнү пландап жатабыз.
Ли Юнчин, Кытайдын Мамлекеттик токой жана талаа чарба башкармалыгынын орун басары

Келечекте Кытай бийлиги гигант пандалардын Улуттук паркынын аймактык өнүгүү планын иштеп чыгууну, антропогендик көзөмөлдү күчөтүүнү жана оорулардын мониторинги программаларын кеңейтүүнү көздөөдө.