Кытайдын Шэньси провинциясында, Сиань шаарындагы Фэндун районунда окуя болду. Жергиликтүү маалыматка таянсак, бир эркек киши экскаваторды уурдап алып, бир саат бою райондук администрациянын имаратын талкалап кеткен.
Ал имараттын дубалдарына бир нече жолу кагып, айнек эшиктерин, тепкичтерди жана фасаддарды оор деңгээлде жабыркаткан. Окуя учурунда мекеменин кызматкерлери тез арада имараттан чыгарылып алынган.
Агрессиянын себеби боюнча бир нече версия бар. Бир версияга ылайык, бул жакынкы айылдардын тургундарына төлөнбөгөн компенсациялар боюнча узакка созулган каржылык талаш-тартыштан улам болгон. Ал эми социалдык тармактарда тараган маалыматтар боюнча, анын аткарган подряддык иштери үчүн 20 миллион юань өлчөмүндө карызы бар экени айтылат.
Кылмышкерди кармоо үчүн атайын кызматтын жоокерлери штурм жүргүзүүгө туура келген.










