Кытай Эл Республикасы Кыргызстандан жаңы малина, кара карагат жана бүлдүркөндү алып кирүүгө расмий түрдө уруксат берди. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди.

Министрликтин маалыматына ылайык, 2026-жылдын 31-августунда Кыргызстан менен Кытайдын Башкы бажы башкармалыгы ортосунда өсүмдүк карантини жана мөмө жеткирүүгө коюлуучу фитосанитардык талаптар боюнча протоколго кол коюлган.

Документтин негизинде кытай тарап 20-октябрда Кыргызстандан жаңы малина, кара карагат жана бүлдүркөндү импорттоого уруксат берген №149 расмий билдирүүсүн жарыялаган.

Экспортту баштоо үчүн шарттар

Жеткирүүнү баштоо үчүн кыргыз тарап мөмө өстүрүлгөн жерлердин жана таңгактоочу ишканалардын тизмесин кытай тарапка сунушташы керек. Алар белгиленген фитосанитардык талаптарга жооп берип, кытай тараптан каттоодон өтүшү зарыл. Кытайдын Башкы бажы башкармалыгы каттоону кыска мөөнөттө жүргүзүүгө даяр экенин билдирди.

Айыл чарба министрлигинин алдындагы Химиялаштыруу, өсүмдүктөрдү коргоо жана карантин департаменти малина, карагат жана бүлдүркөн өстүргөн фермерлерди, ошондой эле таңгактоочу ишканалардын ээлерин керектүү процедуралардан өтүү үчүн департаментке же анын аймактык бөлүмдөрүнө кайрылууга чакырат.

Бул ата мекендик мөмө өндүрүүчүлөргө жана экспортёрлорго ири сатуу рыногуна чыгууга мүмкүнчүлүк берет.
Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин билдирүүсүнөн