Кыргызстанга келген туристтердин саны жылдан жылга өсүп жатат. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинин стратегиялык пландоо бөлүмүнүн жетекчиси Аслан Мусабеков «Биринчи радиодо» билдирди.

Анын айтымында, мамлекеттик чек арадан өтүүчүнүн саны менен туристтердин санын түз байланыштыруу туура эмес, анткени адамдар бизнес, командировка же туугандарына көрүү максатында да келишет.

2 860 000турист (2023-жыл)
5 310 000турист (2025-жыл болжолдонууда)

Азыркы учурда республикада тоо, этнографиялык, экологиялык, ат менен жүрүү жана трекинг туризми активдүү өнүгүп жатат. Министрлик туристтик сезонду жыл бою иштете турган багытка айландыруу мүмкүнчүлүктөрүн карап жатат.