Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын 2026-жылдын 10-августуна карата берген маалыматтарына ылайык, Бишкек шаарында күйүүчү-майлоочу материалдардын учурдагы баалары белгилүү болду.

Бишкектеги күйүүчү май баалары

86,9АИ-92 бензини (сом/литр)
109,9АИ-95 бензини (сом/литр)
99,9Дизелдик отун (сом/литр)
48,8Суюлтулган газ (сом/литр)

Монополияга каршы кызматтын салыштырма маалыматтарына ылайык, Кыргызстанда бензин менен дизелдик отун Казакстанга жана Россияга салыштырмалуу бир топ кымбат. Мисалы, Казакстанда АИ-92 бензини 46,6 сомго, ал эми Россияда 75,6 сомго барабар.

Ошол эле учурда Тажикстан, Өзбекстан жана Армения сыяктуу өлкөлөрдө айрым күйүүчү майлардын түрлөрү Кыргызстандагыдан жогору баада сатылат.

Монополияга каршы кызмат бааларды турукташтыруу жана монополияга каршы жөнгө салуу чараларынын алкагында күйүүчү-майлоочу материалдар рыногундагы абалга көз салууну улантып жатканын билдирди.