Климаттын өзгөрүшү Кыргызстанда жүрөк-кан тамыр ооруларынын, аллергиянын жана бронхиалдык астманын каттоого алынуусун көбөйтүүдө. Бул маселе БУУнун климаттын өзгөрүшү боюнча алкактык конвенциясынын тараптарынын 31-конференциясынын алкагында айтылды.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин орун басары Гүлбара Ишенапысованын айтымында, климаттын өзгөрүшү адамдын ден соолугуна түздөн-түз таасир этет. Өзгөчө аномалдуу ысык аба ырайы ар кандай оорулардын курчушуна себеп болууда. Бул коркунучтуу процесстерден жүрөк-кан тамыр оорулары менен жабыркаган адамдар, кары-картаңдар жана балдар эң көп таасир этишет.

Аба ырайынын кескин өзгөрүшү жана температуранын жогорулашы кан басымын көтөрүп, жүрөк-кан тамыр системасына оор сокку урутууда. Ошондой эле, абанын чаңдуу болушу аллергиялык реакцияларды пайда кылып, дем алуу органдарынын ооруларын курчутат. Бул жагдай балдардын ден соолугу үчүн өзгөчө кооптуу экени белгиленди.

Кыргызстанда жалпы өлүм учурларынын 50 пайызы жүрөк-кан тамыр ооруларына туура келет. Мындан тышкары, балдар арасында аллергия жана бронхиалдык астма учурлары катталууда. Абанын чаңдуулугу аллергиялык реакцияларды пайда кылып, дем алуу органдарынын ооруларын күчөтөт.
Гүлбара Ишенапысова

Климаттын өзгөрүшү оорулардын көбөйүшү менен гана чектелбестен, сел, суу ташкыны жана башка табигый кырсыктардын коркунучун да жаратат. Мындай кырсыктар калктын ден соолугуна, өмүрүнө жана өлкөнүн инфраструктурасына чоң зыян келтириши мүмкүн.