Жалпы консул Женишбек Асанкуловдун «Министрдин ачык кабинети» иш-чарасында билдирүүсүнө караганда, Казакстанда учурда 45-50 миңдей Кыргызстандын жарандары жашайт.
2026-жылдын алгачкы жарым жылдыгына карата Астанадагы элчилик менен Алматыдагы консулдуктагы консулдук эсепте 26 миң 752 кыргызстандык катталган.
2025-жылдын сентябрынан тартып, эки жылга берилген жеңилдетилген миграциялык режим бүткөндөн кийин, кыргызстандыктар үчүн 90/180 күн эрежеси боюнча болуу тартиби күчүнө кирди.
Жалпы консулдун айтымында, миграциялык абал азыркы учурда тынч жана туруктуу бойдон калууда.











