Бишкекте Консулдук департаментинин негизинде жаңы Визалык борбордун имараты 13-июлда өз ишин жоон баштады. Борбор 2018-жылдан бери иштеп келгени менен буга чейин негизинен туристтик визаларды түзүп келген.
Консулдук департаменттин директору Сейтек Жумакадыр уулунун айтымында, азыр Визалык борбордун милдеттери кеңейип, визалык арыздарды кароо, маалыматтарды иштетүү жана визалык маселелер боюнча түшүндүрмөлөрдү берүү сыяктуу кызматтарды да аткарат.
2024-жылдан баштап президенттин жарлыгынын негизинде Консулдук департамент иш визаларын берүү милдетин өзүнө алды. Мурда иш визаларын алуу бир нече этап менен жүрчү: чет элдиктер алгач жумуш күчүнө квота алышчу, андан кийин виза алышчу. Кээ бир төлөмдөр өлкөгө келгенден кийин жүргүзүлүп, бул мыйзамсыз жашоого алып келчү.
Жумакадыр уулунун айтымында, азыр төлөмдөр алдын ала төлөнөт. Муну менен мыйзамдуу иштөөнү артыкчылыктуу кылуу максаты коюлган. Чет элдик жарандар визалык жана салык төлөмдөрүн ишенимдүү аткарып, мыйзам бузбоого кызыгышы керек.
Ошондой эле ал 1-31-июль аралыгындагы "жашыл коридор" мөөнөтүндө миграция эрежелерин бузган чет элдиктер өлкөдөн кошумча айып пулсуз чыгып кетүүгө мүмкүнчүлүк алаарын эскертти. Андан кийинки учурда мындай документтердин чыгымдары көбөйүшү мүмкүн.












