Кыргызстандын Алматыдагы Башкы консулу Женишбек Асанкуловдун айтымында, учурда Казакстандын түрмөлөрүндө 104 кыргызстандык жарандын жазасы өтөөдө.
Асанкулов консулдук ишмердүүлүк алкагында бул жарандардын укуктарын коргоо максатында 15 соттук отурумга катышканын белгиледи.
2024-жылдын 1-июнуна карата Казакстандагы Кыргызстандын Астанадагы Элчилиги менен Алматыдагы Башкы консулдугунда консулдук каттоодо 26 752 кыргызстандык бар.
2024-жылдын алгачкы жарым жылдыгында дипломатиялык өкүлчүлүктөр тарабынан 2 827 консулдук кызмат көрсөтүлүп, 3 029 консулдук аракеттер жүргүзүлгөн.
Казакстандын мамлекеттик органдарына бул мезгил ичинде кыргыз жарандарынын укуктарын коргоо багытында 98 консулдук кайрылуу жөнөтүлгөн.
Мындан тышкары, 2023-жылы Казакстандан эки кыргыз жараны экстрадацияланган, ал эми 2024-жылдын алгачкы алты айында дагы эки киши экстрадацияга учураган.















