Бишкек, 05.11.26. Туризмди өнүктүрүү мамлекеттик агенттиги туризм тармагынын өкүлдөрүн, салттуу кол өнөрчүлөрдү жана улуттук продукция өндүрүүчүлөрдү Silk Road Fest 2026 эл аралык фестивалына катышууга чакырат. Иш-чара 2026-жылдын 25-27-декабрында Нидерландынын Заандам шаарында өтөт.
Silk Road Fest 2026 — Улуу Жибек жолунун тарыхый өлкөлөрүн бириктирген эл аралык аянтча. Анын максаты — туристтик потенциалды, маданий мурасты, улуттук салттарды илгерилетүү жана эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүү.
Фестивалдын программасы
- Туристтик багыттардын көргөзмөлөрү
- Улуттук павильондор
- Маданий жана гастрономиялык иш-чаралар
- Ишкердик форумдар жана B2B жолугушуулар
Фестивалга катышуу Кыргызстандын туристтик продуктыларын жана кызматтарын, салттуу кол өнөрчүлүктүн буюмдарын жана улуттук продукцияны европалык аудиторияга көрсөтүүгө, жаңы ишкердик байланыштарды түзүүгө жана чет өлкөлүк өнөктөштөр менен кызматташтыкты кеңейтүүгө мүмкүнчүлүк берет.
Арыздарды тапшыруунун акыркы мөөнөтү — 2026-жылдын 9-ноябры. Каттоо формасы: https://forms.gle/aw6XsS7jk1YFiyg4A. Фестиваль тууралуу толук маалымат расмий сайтта: https://silkroadfest.nl/ru/















