Туризм тармагындагы өнөктөшчүлүк
Көптөгөн саякатчыларды өзүнө тарткан Борбордук Азия аймагы, Азия өлкөлөрү арасында эң перспективалуу туристтик багыттардын бири болуп эсептелет. Узбекистан өлкөсү туристтик инфраструктурасын өнүктүрүү жана эл аралык аренада өз туристтик потенциалын активдүү жарыялоо үчүн масштабдуу реформаларды ишке ашырууда.
2026-жылдын биринчи жарымында Узбекистан 6.5 миллионго жакын чет элдик туристти кабыл алды. Бул көрсөткүч өткөн жылдын ошол эле мезгилине салыштырмалуу дээрлик 25% жогору.
Кыргызстандын статуусу
Кыргызстан да өзүнүн туристтик потенициалын жогорулатууда. 2026-жылдын биринчи алты айында Кыргызстандан Узбекистанга туристтик агымдын өсүшү байкалды, бул эки мамлекет ортосундагы туристтик байланыштардын жогорулоосун көрсөтүүдө.






