Кыргыз Республикасынын министрлер кабинети Бишкек шаарынын батыш тараптагы акы төлөнүүчү айланып өтүү жолун куруу жана тейлөө планы боюнча долбоорду бекитти.

Долбоор мамлекеттик-жеке өнөктөштүк формасында жана «долбоордук кум кутусу» режиминде жүзөгө ашырылат. Мамлекеттик өнөктөштөр катары Транспорт жана коммуникация министрлиги, Чүй облусундагы президенттин өкүлүнүн аппараты жана Бишкек мэриясы дайындалды.

Жолду куруу үчүн 198 гектар жер тилкелери каралууда, зарыл болсо алардын категориясы өзгөртүлөт. Ошондой эле, маршрут боюнча жана карьерлерде тарыхый- маданий мурастардын бар-жогун аныктоо максатында археологиялык изилдөөлөр жүргүзүлөт.

Жол курууда колдонулуучу инерттүү материалдардын алуу булактары аныкталып, керектүү макулдашуулар жасалат. Долбоордун наркы, трассанын узундугу, маршруттары жана айдан өткөнө үчүн төлөмдүн суммасы документте белгиленген жок.

Бул токтом он күндөн кийин күчүнө кирет.