Жогорку Кенештин 18-ноябрында өткөн жыйынында депутат Адилет Белеков мектептерде эмгек акысын алган пенсионер мугалимдердин абалы тууралуу суроо берди. Ал Билим берүү министрлиги бул маселени кантип чечмелерин тактоону суранды. Белеков бул маселе Президент Садыр Жапаровдун региондордогу жолугушуусу учурунда Билим берүү министри Догдуркул Кендирбаева тарабынан да айтылганын эске салды.

Билим берүү министри Догдуркул Кендирбаеванын маалыматы боюнча, учурда өлкө боюнча 14 миңден ашык пенсионер мугалим мектептерде иштеп жатат.

Министрдин айтымында, Эмгек кодекси менен мугалимдердин укуктары корголгондуктан, аларды жөн гана жумуштан бошотуу мүмкүн эмес. Бирок окуу жайларга сааттарды бөлүштүрүүдө жаш адистерге артыкчылык берүү тапшырмасы берилген.

Бирок билим берүү мекемелерине сааттарды бөлүштүрүүдө жаш мугалимдерге артыкчылык берүүнү тапшырдык
Догдуркул Кендирбаева, Билим берүү министри

Депутат Адилет Белеков министрликке тажрыйбалуу мугалимдердин тажрыйбасын пайдаланууну жана алардын нааразычылыгын алдын алууну сунуштады.