Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Жогорку Кенештин жыйынында банктык секторунун өсүшү тууралуу билдирди. Анын айтымында, ушул жылдын 1-октябрына карата Кыргызстандын банктык секторунун активдери 24,2%га көбөйүп, жалпы суммасы 1 трлн 504,8 млрд сомду коштоду.
Ошондой эле мамлекеттик банктардын уставдык капиталынын чыңдалганы белгиленди. Өзгөчө «Айыл Банк», «Элдик Банк» жана Мамлекеттик өнүктүрүү банкынын көрсөткүчтөрү өсүү динамикасын көрсөттү.
Касымалиевдин маалыматы боюнча, 2026-жылдын 10 айында «Айыл Банктын» уставдык капиталы 60 миллиард сомго өсүп, 79,8 миллиард сомду түздү. Ал эми «Элдик Банктын» капиталы болжол менен 5 миллиард сомго өсүп, 81,3 миллиард сомду коштоду. Мамлекеттик өнүктүрүү банкынын капиталы 1,3 миллиард сомго көбөйүп, 22,7 миллиард сомду түздү.
Мындан тышкары, 1-ноябрга карата өлкөнүн банктык системасынын насыя портфели 675 миллиард сомду, ал эми депозиттик базасы 924,8 миллиард сомду түздү.
Банктардын насыя портфели жана депозиттери
Адылбек Касымалиев
| «Элдик Банк» жана «Айыл Банк» насыя портфели | 229,6 млрд сом |
|---|---|
| «Элдик Банк» жана «Айыл Банк» депозиттери | 214,7 млрд сом |






