Билим берүү жана илим министрлиги пенсия курагындагы мугалимдерди жапырт жумуштан бошотуу боюнча эч кандай план жок экенин билдирди. Бул тууралуу ведомство социалдык тармактарда тараган кабарларга байланыштуу түшүндүрмө берди.
Министрликтин маалыматы боюнча, азыркы учурда өлкөнүн билим берүү уюмдарында 15 миңге жакын пенсия курагындагы педагог эмгектенүүдө. Ведомство мугалимдерди жаш белгиси боюнча басмырлоо саясатын жүргүзбөй турганын жана жүргүзүүнү пландабай турганын баса белгиледи.
Мугалимдердин эмгек акысы көтөрүлгөндөн кийин өлкөдө билим берүү мекемелеринде иштөөгө, анын ичинде жаш адистердин кызыгуусу өстү. Ушуга байланыштуу министрлик жаш мугалимдерди тартууга жана ошол эле учурда тажрыйбалуу педагогдорду сактап калууга мүмкүндүк берүүчү кадр саясатынын ар кандай механизмдерин карап жатат.
Документтен
Пенсия курагындагы мугалимдерди жапырт жумуштан бошотуу маселеси каралбайт
Министрлик мунун ордуна улуу муундагы педагогдорду насаатчылыкка, жаш мугалимдерге методикалык колдоо көрсөтүүгө, ошондой эле педагог-ассистент жана кеңешчи катары иштөөгө тартуу мүмкүнчүлүгүн изилдеп жатат.
Мындан тышкары, ийкемдүү педагогикалык жүктөмөнү жана башка иш менен камсыз кылуу формаларын киргизүү талкууланууда. Бирок акыркы чечимдер азырынча кабыл алына элек. Бардык сунуштар мыйзамдарды жана педагогдордун кызыкчылыктарын эске алуу менен кошумча изилдөөнү талап кылат.
Бул теманын талкууланышына Ала-Букадагы жаш педагогдорго жумуш орундары жетишпеген кырдаал себеп болгон. Андан кийин президент көйгөйдү чечүү үчүн мыйзамды өзгөртүү керекпи деген маселени карап чыгууну тапшырган.
Министрлик өзгөртүүлөр мугалимдер коомчулугу, профсоюздар жана эксперттер менен талкууланарын ишендирди. Ведомство ошондой эле коомчулукту расмий эмес маалыматтарга ишенбөөгө чакырды.



















