Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама командалары Венгрияда эл аралык рейтингдик мелдешке катышат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги маалымдады.
Жарыш 16-20-июль күндөрү Будапешт шаарында өткөрүлөт. Бул турнирде Кыргызстандын намысын коргоо үчүн 10 балбан аттанган.
Улуттук команда мүчөлөрү
- Жоламан Шаршенбеков (60 кг)
- Автандил Таалайбек уулу (63 кг)
- Раззак Бейшекеев (72 кг)
- Алибек Бердиев (77 кг)
- Акжол Махмудов (82 кг)
- Ырыскелди Максатбек уулу (82 кг)
- Асан Жанышев (87 кг)
- Үзүр Жусупбеков (97 кг)
- Нурболот Токтогонов (130 кг)
- Эрлан Манатбеков (130 кг)
Команданын башкы машыктыруучусу Улук Карачолоков жана улук машыктыруучу Арсен Эралиев топту жетектешет.










