Кыргызстан Климаттык инвестициялык фонддордун (CIF) ARISE глобалдык инвестициялык программасынын катышуучусу болду. Бул тууралуу Түркиянын Анталья шаарында БУУнун Климаттын өзгөрүшү боюнча алкактык конвенциясынын Тараптарынын конференциясынын (COP31) алкагында расмий түрдө жарыяланды.
Бөлүнүп жаткан каражат климаттык адаптация жана туруктуу өнүгүү багытындагы артыкчылыктуу долбоорлорду ишке ашырууга, ошондой эле кошумча инвестицияларды тартууга мүмкүнчүлүк түзөт. Программанын негизги максаты — климаттын өзгөрүшүнө туруктуу инфраструктураны куруу жана экономиканын тобокелдиктерге туруктуулугун жогорулатуу.
30 000 000 АКШ доллары бөлүнүүчү каражат
Кыргызстандын климаттык долбоорлору үчүн каралган сумма
Долбоордук өтүнмөнү даярдоо иши Министрлер Кабинетине караштуу Климаттык каржылоо борбору тарабынан Улуттук инвестициялык фонд менен биргеликте, Азия өнүктүрүү банкынын колдоосунда жүргүзүлгөн. Иш-чарага Министрлер Кабинетине караштуу Климаттык каржылоо борборунун директору Айбек Асанов катышты.
Айбек Асанов CIFтин аткаруучу директору Тарие Гбадегесин менен эки тараптуу жолугушуу өткөрүп, Кыргызстандын программага катышуусу жана эл аралык каржылоону тартуу маселелерин талкуулаган.














