Жогорку Кенештин мурунку депутаты Чингиз Айдарбеков Кыргызстандагы иштеп жаткан шайлоо системасына өз көз карашын билдирди. Ал парламенттин бир гана бир мандаттуу депутаттардан куралышы туура эмес экенин белгиледи. Мыйзам чегинде бир мандаттуу округдордон шайланган депутаттар менен саясий партиялардын өкүлдөрүнүн ортосунда тең салмактуулукту түзүү керек деген сунушу бар.

Айдарбековдун айтымында, учурдагы системада депутаттар биринчи кезекте өзүнүн шайлоо округунун кызыкчылыктарын гана көздөп, өлкө масштабндагы маанилүү маселелер четте калышы мүмкүн. Бул маселе Айбек Тенизбайдын подкастында талкууланды.

Бир мандаттуу депутаттар аралаш системада жакшы, бирок бирдиктүү системада бул натыйжасыз, анткени ар бир шайланган депутат өз округу үчүн гана иштейт. Депутаттар өз округунун шайлоочуларынын ишенимин актоосу керек деп эсептегендиктен, конфликт келип чыгат.
Чингиз Айдарбеков

Экс-депутат Конституцияда элдин укуктарын ишке ашырууда саясий партиялардын ролу каралгандыгын, бирок азыркы парламенттин курамында партиялык өкүлчүлүктүн жоктугун баса белгиледи. Ал боюнча партиялар республикалык маанидеги маселелерди көтөрүп тура алар эле.

Ошондой эле ал бир мандаттуу депутаттардын өз айылында же округунда кадыр-барктуу адам болгону менен, башка райондогу адамдар аларды тааныбай калышы мүмкүн экенин айтты. Аталган система өлкөнүн учурдагы абалына туура келгени менен, бийлик тармактарынын ортосундагы тең салмактуулукту сактоо үчүн аны оптималдаштыруу зарыл экенин кошумчалады.