Кыргызстандын ишканалары Евразиялык экономикалык комиссиянын (ЕЭК) биргелешкен өнөр жай долбоорлору үчүн пайыздык ченди субсидиялоо механизмине катышып, насыялык каражаттарды жагымдуу шарттарда ала алышат. Бул тууралуу 5-ноябрда Бишкекте өткөн өнөр жайды өнүктүрүү боюнча региондук форумда ЕЭКтин Өнөр жай саясаты департаментинин директорунун орун басары Лаура Садыкова билдирди.
Механизм 2024-жылы иштей баштаган. Ушул убакытка чейин 23 арыз түшүп, анын ичинен сегиз долбоор жактырылган. Алардын катарында темир жол машина куруу жана компьютердик техника тармагындагы демилгелер бар. Пайыздык чен ЕАЭБдин бюджетинин эсебинен субсидияланат, бул талаптарга жооп берген долбоорлор үчүн карыздык каржылоонун наркын төмөндөтөт.
Долбоорго катышуу үчүн, жок дегенде, биримдикке мүчө үч өлкөнүн ишканалары тартылууга тийиш. Алардын салымы материалдарды, тетиктерди, жабдууларды, программалык камсыздоону, технологиялык чечимдерди, инженердик кызматтарды жеткирүү же инвестициялоо түрүндө болушу мүмкүн. Садыкованын айтымында, биргелешкен долбоорлорго катышкан каржы уюмдарынын катарында Кыргыз-Орус өнүктүрүү фонду, Евразиялык өнүктүрүү банкы жана Кыргызстандын коммерциялык банктары бар.
Долбоордо биримдикке мүчө үч өлкөнүн ишканалары катышууга тийиш. Алардын салымы материалдарды, тетиктерди, жабдууларды, программалык камсыздоону, технологиялык чечимдерди, инженердик кызматтарды жеткирүү же инвестициялоо түрүндө болушу мүмкүн.
Жактырылган долбоорлордун биринде компьютерлердин системдик блокторун өндүрүү боюнча Кыргызстандын, Беларустун жана Орусиянын ишканалары катышып жатат. Бул Кыргызстандын өнөр жайы үчүн жаңы өнөктөштүк мүмкүнчүлүктөрүн ачат.
ЕЭК Кыргызстан үчүн өнүгүүнүн үч негизги багытын белгилейт: иштеп жаткан ишканалардын компетенцияларын өнүктүрүү (анын ичинде тигүү ишканаларын кездеме өндүрүүчүлөр менен кооперациялоо), жаңы өндүрүштөрдү түзүү жана экспорттук потенциалды кеңейтүү. Бул багыттар биримдиктин рыногунда атаандаштыкка жөндөмдүүлүктү арттырууга багытталган.









