Мамлекеттик бажы кызматы (МБК) ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы менен биргеликте өткөргөн ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө Казакстандан Кыргызстанга мыйзамсыз дары-дармек жана психотроптук заттарды алып кирүү фактысын аныктады. Ведомствонун билдирүүсүнө таянсак, аталган препараттарды өткөрүү үчүн атайын жабдылган жашыруун бөлүмү бар жүк ташуучу унаа колдонулган.

Текшерүү учурунда унаанын ичинен Кыргызстандын аймагында жүгүртүүсү чектелген дары-дармек каражаттары жана психотроптук заттар табылган. Тергөөнүн божомолу боюнча, алып келинген препараттар кийинчерээк Бишкектин ири дарыканалары аркылуу сатылган.

Кылмыш иши козголду

Бул факты боюнча МБКнын Тергөө башкармалыгы Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси ("Прекурсорлорду мыйзамсыз даярдоо") менен кылмыш ишин козгоду. Иштин алкагында эки адам — Ж. Б. Ж. жана Н. К. Н. кармалып, СИЗО-1 мекемесине камакка алынды.

Мамлекеттик бажы кызматы Казакстандан Кыргызстанга мыйзамсыз дары-дармек жана психотроптук заттарды алып кирүү фактысын аныктады
Мамлекеттик бажы кызматынын билдирүүсүнөн

Учурда тергөө иштери уланууда. Мамлекеттик бажы кызматы иштин жүрүшү тууралуу кошумча маалыматтарды кийинчерээк берерин билдирди.