Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Россиядагы мекендештерине эмгек келишимдерин кол коюудан мурун алардын шарты менен кылдат таанышып чыгууну сунуштады. Бул тууралуу Консулдук департаменттин экинчи катчысы Эсенбек Эргешов билдирди.

Чиновниктин айтымында, жумуш берүүчү жөнүндө толук маалымат алуу өтө маанилүү. Ал ачык булактар аркылуу компания жана анын жетекчиси тууралуу маалымат алууга мүмкүн экенин белгиледи.

  • Келишимде эмгек шарттары так жазылышы керек
  • Келишимдин мөөнөтү көрсөтүлгөн болушу шарт
  • Иш убактысы жана жумуш орду так белгилениши зарыл
Кээ бир жарандар документтерди окубай эле кол коюшат. Ал эми башкалары жогорку айлыкка алдырып, аскердик кырдаал чыңалган аймактарга ашпозчу, айдоочу же кайталоочу болуп иштөөгө кетип, кийин согуштук аракеттерге тартылып калышат.
Эсенбек Эргешов, Консулдук департаменттин экинчи катчысы

Эргешов келишимге кол коюп жаткан адамдын паспортун сурап, андагы кол тамганы документтеги кол тамга менен салыштырып көрүүнү сунуштады.

Россиядагы кыргызстандыктардын абалы (1-октябрга карата)

963кыргызстандыктар түрмөлөрдө жазасын өтөөдө
502кыргызстандыктар тергөө изоляторларында кармалууда