Кыргызстандын Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, 2026-жылдын биринчи жарымында айыл чарба, токой чарба жана балык чарба объекттерин курууга жумшалган негизги капиталга инвестициялар 2025-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1,3 эсе өстү.

Бул өсүш республикалык жана жергиликтүү бюджеттин каражаттарынан, чет өлкөлүк кредиттерден, калктын өздөрүнүн каражаттарынан, ошондой эле чет өлкөлүк гранттардан жана гуманитардык жардамдардан каржыланган.

Маалыматта көрсөтүлгөндөй, аталган булактар инвестициядардын жалпы көлөмүнүн 99% түзөт, ал эми калган 1% башка булактардан тартылган.