Москва шаарында кечээ кечинде Balzi Rossi ресторанынын жанында курьер тарабынан жасалма жардыруучу түзүлүш жарылды.

Россиянын Улуттук антитеррордук комитетинин маалыматына караганда, бомба курьер тарабынан ресторанына өткөрүлүүгө аракет кылынган.

Бул окуянын кесепетинен каза болгондор жана жаракат алгандар бар. Тиешелүү органдар териштирүү иштерин улантууда.