Кыргызстандагы эки дөңгөлөктүү транспорт каражаттарынын жалпы санын эч ким так билбейт. Бул маселе боюнча депутат Дастан Бекешев маалымат берди.
Депутаттын айтымында, Ички иштер министрлиги дагы, башка мамлекеттик органдар дагы бул транспорт түрлөрүнүн саны боюнча статистиканы жүргүзбөйт. Учурда өлкөдө скутерлердин жана башка эки дөңгөлөктүү транспорттордун так саны белгисиз.
Ошону менен бирге, декабрь айынан тарта өлкөдө мындай транспорт каражаттарын каттоо милдеттүү түрдө киргизилет.







