Бишкектен чыккан инженер Амантур Салымбаев турак жайлардан чыккан түтүндү тазалоочу жаңы түзүлүштү сунуштады. Бул чыпканын өзгөчөлүгү — ал иштеши үчүн электр энергиясын же сууну талап кылбайт.
Амантур Салымбаевтын айтымында, борбор шаарда мындай түзүлүштөрдүн 120дөн ашыгы орнотулган. Учурда долбоорду өнүктүрүү иштери уланууда.
Азыркы учурда инженер өзүнүн өнөктөшү жана Кыргыз экономикалык университетинин студенттери менен биргеликте долбоорду кеңейтүүдө. Алар чыпканын жаңы өндүрүштүк моделин даярдап жатышат. Жаңы моделди Кант шаарындагы мектептердин биринде орнотуу пландалууда.








