Кыргызстандагы банктарда сакталган жеке жактардын жана жеке ишкерлердин акча каражаттары 1 млн сом өлчөмүнө чейин коргоого алынган. Бул тууралуу 17-ноябрда радиодо сүйлөп жатып Депозиттерди коргоо боюнча агенттиктин аткаруучу директору Кадырбек Букуев маалымдады.
Эгерде банктын иши токтоп, банкроттук болсо, анда депозиттеги акча 1 млн сомдон ашса, биринчи кезекте ушул сумма гана кайтарылат. Калган каражаттар жоголуп кетпейт, алар кийинчерээк этап-этабы менен төлөнө баштайт деп түшүндүрдү Букуев.
Акча каражаттарын бир нече банкка бөлүп салуу коопсуздукту жогорулатат. Эгерде акча эки башка банкта сакталса, анда ар бир банк боюнча 1 млн сомго чейин коргоо күчүндө болот. Эки банк тең иштебей калса, агенттик ар бир банктан өзүнчө 1 млн сомго чейин кайтарып бере алат.
Аталган төлөмдөр 30 күндүн ичинде жүргүзүлөт. Букуевдин белгилөөсү боюнча, жарандардын көбүнүн депозиттери 1 млн сомго жетпейт.
Ошондой эле, Министрлер Кабинетинин маалыматына таянса, учурда калк башына түшүүчү ИДП (ВВП) болжол менен 3 миң долларды түзөт. Келечекте бул көрсөткүч өсүп турат:
Калк башына түшүүчү ИДПдин өсүш прогнозу
- ИДП: 2024 — 3000 доллар; 2025 — 3750 доллар; 2030 — 5000 доллар







