Академиялык инновациялык фонддун (АИФ) конкурсунун экинчи турунун жыйынтыгы менен алт долбоор каржылоого тандалды. Бул долбоорлор биотехнология, күрүчтү кайра иштетүү жана аутизм менен жашаган адамдарга колдоо көрсөтүү сыяктуу ар түрдүү тармактарды камтыйт.
Илим, жогорку билим жана инновациялар министрлигинин маалыматы боюнча, бул конкурс «Жогорку билим берүүдөгү сапат жана инновациялар» долбоорунун алкагында өткөрүлүп жатат. Анын негизги максаты — жогорку билим берүүнүн жана илимий изилдөөлөрдүн сапатын жогорулатуу, ошондой эле аларды эмгек рыногунун талаптары менен тыгыз байланыштыруу.
Грант алууга тандалган долбоорлор
- «Аутизм боюнча эл аралык демилге: Кыргызстан — Швеция изилдөөлөрү, санариптик скрининг жана инклюзивдик билим берүү» (Ала-Тоо эл аралык университети)
- Кыргызстандын бренддик күрүч сортторунун сапатын сактап калуу менен аларды кайра иштетүү боюнча инновациялык комплекс (Жалал-Абад мамлекеттик университети)
- «Биомедициналык инженерия боюнча компетенциялар борбору» окуу-практикалык лабораториясы (Кыргыз мамлекеттик техникалык университети)
- «AgriTech Innovation Hub: Мал чарбачылыгынын биотехнологиясы чөйрөсүндөгү окутуу жана изилдөөлөр боюнча инновациялык борбор» (Кыргыз улуттук агрардык университети)
- «МАКАМ» социологиялык изилдөөлөрдүн маалымат базасынын улуттук платформасы (Бишкек мамлекеттик университети)
- «Өтпөөчү өрүк сөөгүн кайра иштетүү (Баткен)» (Кыргыз мамлекеттик техникалык университети)
Каржылоо шарттары
АИФдин жалпы бюджети 4 миллион долларды түзөт. Гранттар долбоорлорду ишке ашыруу үчүн зарыл болгон жабдууларды сатып алууга мүмкүнчүлүк берет.











