Кыргызстандын Акыйкатчысы Жамиля Жаманбаева Москвадагы Сахарово чет өлкөлүк жарандарды убактылуу кармоочу борборуна иш сапар менен барып, ал жердеги мекендештердин абалы менен таанышты. Бул учурда кармоо шарттары, медициналык жардам көрсөтүү жана жарандардын укуктарынын сакталышы маселелери каралды.
Жолугушууга Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин консулу, Россиянын Адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын кызматкерлери жана борбордун жетекчилиги катышты. Мигранттар өз укуктарын коргоо жана Россиянын мыйзамдарын сактоо боюнча укуктук кеңештерди алышты.
Борбордогу жарандардын саны (17-ноябрга карата)
Борбордо кармалып турган кыргызстандыктар депортациялоо тартиби, борбордо болуу мөөнөтү жана чет өлкөдөн кайра кирүүгө коюлган чектөөлөр боюнча суроолорду беришти. Ошондой эле, банк эсептери бөгөттөлгөндүктөн, административдик айып пулдарды жана кредиттик милдеттенмелерди төлөөдө кыйынчылыктар жаралып жаткандыгы айтылды.
Кээ бирлери кабыл алынган чечимдерге өз убагында даттанбагандыктан, көзөмөлгө алынуучу адамдардын реестрине киргизилип калышкан. Мындай жагдайлардын айрымдары иш берүүчүлөрдүн өз милдеттерин аткарбаганынан улам келип чыккан.
Акыйкатчы кыргызстандыктардын башка өлкөгө кетүүдөн мурун ал жайдын мыйзамдарын, миграциялык эрежелерин жана талаптарын жакшы билип алуусу зарыл экенин белгиледи. Бул өз укуктарын коргоого жардам берет.















